Коом

Утулган партиянын лидерлери жаштарды курал катары колдонбогула!

Азыр аянтта ызы-чуу. Шайлоодо жеңилип калган партиялардын лидерлери бүгүн тынчтык митингин уюштурабыз дешип, элди чогултушкан. Тилекке каршы, ал тынч митинг болбой эле, элди баш-аламандыкка үндөө болуп калды. Кызыгы, аянтта бакылдап сүйлөп жаткан лидер сөрөйлөрдүн кылыгы болду  Басымдуу жаш балдарды чогулткан партия лидерлери кечке жуук элди таштап, кайдадыр жок болушту. Ал эми ортодо баягыл эле аларга ишенип келген эл калды. Ушул бизге керек беле?!

Жаштарды кызымтал кылып ак үйдү көздөй тукургандар бери жакта өз көчүгүн коргоп, элдин аркасына жашынышты. Ак үйдүн тосмосунан секирип түшүү аракетинин аркасында милиция, күч органдарынын кызматкерлери тарабынан элди таратуу аракеттери башталды. Ал эми эл үчүн жанын берүүнү убадалап жаткандар элдин алдында боло алышкан жок. Алардын эрдиги ушул беле?!

Жаштарды колдонбогула. Бийликти көздөп, элди канча жолу ок алдына салып бердиңер. Таш ыргыткан кызуу адамдардын аракетинин аркасында чуу башталды. Мунун кереги жок эле. Элдин арасында кимдир-бирөөнүн баласы, күйөөсү, бир тууганы бар. Провокацияга алдырбайлы?!

Милиция кызматкерлерин кызуу кандуулукка алып сабап да жиберип жатышат. Аларда эмне күнөө?! Алар буйрукту аткарып жатышат. Элди таратуу үчүн анчалык деле күч колдонулган жок. Элди жамынып, арам оюн ишке ашыргысы келгендер, арыңарга келгиле, эсиңерге келгиле.

Өлүм болуп кетпесин. Машиналарды талкалоо, таш ыргытып, кимдир бирөөнүн денесине залал келтирүүдөн эч кандай майнап чыкпайт. Абдан эле кызуу балдар жүрөт. Лидер болушса, ар бири өз тарапташтары үчүн жооп берсин. Бишкекти талкалоого жол берилбеши керек. Бишкек ар бирибиздики, ар бирибиз үчүн керек.

Өлкөнүн бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн жүрөк оорушу керек эле. Андай болбоду. Татыктуу жеңиле билүү дагы чоң эрдик болот эле. Жок. Татыктуу жеңиле билүүнү дагы билбегендер бар экен. Биз өзгөрө албайт окшойбуз. Мындан 10-15 жыл кандай болсок, ошол гана аракеттер кайра кайталанып жатат. Батышчыл күчтөрдүн балит оюндарынын курмандыгы болуп, башы бирикпегендер бүгүн өз кызыкчылыктары үчүн биригип, элди садагага чаап отурушат. Баягыл эле күчтөр. Баягыл эле ит оодарыш.

Шайлоо жыйынтыгы али тактала элек. А бизде….

Дагы бир ирет, эсибизди жыйнайлы. Шаар талкаланбасын. Мамлекетибизге доо кетип, башка күчтөргө курал болбойлу. Кыргызстандын жок болушун каалап, сыртта карап турган душмандарыбыздын курмандыгына айланбайлы… Бизге саясат эмес, бизге тынч мамлекет, бүлүнбөгөн өлкө керек!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button