Улам көбөйүп жатат. Кыргызстанда коронавирустан беш киши көз жумду

Акыркы суткада COVID илдетинен беш адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Каза болгондордун үчөө Ош облусунан, экөө Бишкектен экени айтылды.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны 1 082ге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарды коронавирустан сактануу үчүн тиешелүү эрежелерди сактоо зарылдыгын улам айтып эскертип жатат.