Бүгүн борбордук аянтта тынчтык митинги өтөөрүн айтышты

Бүгүн, 9-октябрда, “Ала-Тоо” аянтында тынчтык митинги болот. Бул тууралуу саясатчы Өмүрбек Бабанов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, “Ата Мекен”, “Реформа”, “Республика” жана “Бир Бол” партиялары биригип, “Акыркы үмүт” меморандумуна кол коюшкан. Андан соң Бабановду премьер-министрликке көрсөтүшкөн.

“Борбордук аянтта тынчтык митингин өткөрөбүз. Биз тараптан бир дагы чагымчылдыкка жол берилбейт. Бирок адилеттүүлүк, акыйкаттык үчүн митингге чыгышыбыз керек. Мыйзамдуу талаага кирип, парламентти чогултуп, легитимдүү өкмөт башчыны шайлап алышыбыз керек. Биз митингге мыйзамдуулук үчүн чыгып жатабыз. Ал жерде жөнөкөй жарандар гана болот”, — деди Бабанов.

Жогорудагы төрт партия биринчи вице-премьерликке Тилек Токтогазиевди көрсөтүшкөн. Токтогазиев эгер алар легитимдүү түрдө парламенттин колдоосу менен өкмөткө келип калса, кийинки парламенттик шайлоого катышпай турганын белгиледи.