Сурамжылоонун жыйынтыгы: Көпчүлүк Сооронбай Жээнбековдун кызматта калышын колдойт

“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги акыркы кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдун айланасындагы маселе боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Анда  өлкө башчысынын кызматта калуусу, же кызматтан кетиши боюнча окурмандарга суроо салган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча көпчүлүк мамлекет жетекчисин ордунда калып иштөөсү үчүн добуш берген. Төмөндө сурамжылоонун жыйынтыгын сунуш кылабыз:

Калсын – 812 добуш (87,22%);

Кетсин – 113 добуш (12,14 %);

Мага баары бир – 6 добуш (0,64 %).