Коом

ИИМдин Күзөт кызматынын 2020-жылдын 9 ай аралыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын 2020-жылдын 9 ай аралыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

2020-жылдын 21-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын 2020-жылдын 9 ай ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү жыйынтыктоочу ыкчам кеңешме болуп өттү.


Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги, милициянын генерал-майору Т.Исаев, анын орун басарлары милициянын подполковниги Р. Касанов, милициянын полковниги Э. Тажиев, Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

“2020-жылдын 9 ай аралыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын кайтаруусундагы мекемелердин жана жарандардын батирлеринин ишенимдүү сактыгы боюнча менчик ээлеринин алдында келишимдердин милдеттерин аткарууга, кылмыштуулук жана укук бузууларга каршы күрөшүүгө, өздүк курамдын күжүрмөн жана кызмат деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле мыйзамдуулукту жана кызмат тартибин катуу сактоосуна багытталган бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, 2020-жылдын 9 ай ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрү тарабынан 3500 ашуун мекемелер, турак-жайлар кайтарууда турат. 2020-жылдын 9 ай ичиндеги Күзөт кызматынын күзөт бөлүмдөрү тарабынан кайтарууга алынган мекеме-чарбаларда каракчылыкка жана уурулукка жол бербөө аракеттери катуу көзөмөлгө алынды, бирок ошого карабастан, кылмышкерлер тарабынан кирип кетүүгө жана уурулук кылууга аракет жасаган”, – деп Күзөт кызматынын начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги Р. Касанов баса белгилеп кетти.

Ошондой эле ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги Т. Исаев кеңешменин жүрүшүндө Күзөт кызматы тарабынан коюлуп жаткан айрым бир тапшырмалар аткарылбай жаткандыгын да баса белгилеп, ар бир бөлүм башчысын катуу сынга алып, кемчиликтерди ушул жылдын 12 айдын жыйынтыгы менен жоюу талаптарын койду.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында бир нече тапшырмалар берилди.
ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button