Саясат

БШК: Президенттикке аттанган талапкерлер 15-ноябрга чейин документтерин тапшыруусу керек

Президенттикке аттанган талапкерлер 15-ноябрга чейин документтерин тапшыруусу керек. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

“Конституциялык мыйзамдын негизинде, аракеттеги президент мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын тапшырган убакта бир жумалык мөөнөттүн ичинде Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону дайындаш керек. Ал мөөнөттүн ичинде Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун мөөнөтүн дайындаган жок. Мыйзам боюнча, шайлоонун мөөнөтү аяктагандын эртеси күнү президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу дайындалды деп эсептелет. Ошого байланыштуу БШК 2 күндүн ичинде добуш берүү күнүн белгилеши керек. Ага ылайык, 24-октябрда БШК тарабынан 2021-жылы 10-январда президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун дайындады. Учурда президенттик шайлоого даярдыктар, аны өткөрүү боюнча уюштуруучулук-практикалык иштер жүргүзүлө баштады”, – деди Бекматов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button