Саясат

Жапаров ТМККнын башкы катчысы Амреев менен жолугушту

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагында Түрк инвестициялык фонду түзүлүп, анын башкы кеңсеси Бишкекте болушу мүмкүн. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров аталган кеңештин башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушканда сөз болду.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, кеңешке мүчө-мамлекеттердин ортосундагы мамилени чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

«Түрк тилдүү мамлекеттер ар дайым жакын өнөктөш болуп келген, бизди жалпы тарыхый тамырлар, элдерибиздин тилинин, маданиятынын жана салттарынын окшоштугу байланыштырып турат», — деди Жапаров.

Амреев өз кезегинде Түрк кеңешинин экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иши, ошондой эле уюмдун келечегин аныктаган «Түрк кеңеши — 2025» стратегиясынын долбоору жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ТМККнын Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча иш-аракеттерди активдештирүү боюнча сөз болду.

Жапаров кыргыз тарап ар тараптуу кызматташууга даяр экенин айтып, ТМККнын инвестициялык фондунун башкы кеңсесин Бишкекке жайгаштыруу демилгесин кубаттады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button