Президенттикке талапкерлигин азырынча эч ким көрсөтө элек. Талаптар кандай?

Өлкөдө президенттикке талапкерлигин азырынча эч ким көрсөтө элек. Бул тууралуу  БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, жарандар президенттин кызмат ордуна шайлоонун датасы жарыяланган күндүн эртеси күнү өз талапкерлигин көрсөтө алышат. Ошентип, талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 14-ноябрда аяктайт.

Мыйзам боюнча, президенттикке талапкер болуунун эки жолу бар: өзүн талапкер катары көрсөтүү жана партия өзүнүн талапкерин көрсөтө алат.

Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтүнөн мурда 2020-жылдын 15-октябрында тапшырып берген.