ЖКККББнын жетекчи орун басары коррупцияга шектелип кармалды

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары С.Н.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ЖККББнын жетекчилик кызматтагы адамдары сый акы алганы боюнча коррупциялык схема аныкталган.

Ведомстводо мындай инициалдарга туура келген бир эле орун басар бар. Ал – Сатыбалдиев Нур Рысканович. Сатыбалдиев бир жыл мурун Бишкекте түзүлгөн Кайгуул күзөт милициясына адамдарды жумушка алууда акча алып турган деп шектелип жатат.

Мындан сырткары, ал иштеп жаткан милиционерлерди кызматынан көтөрүү үчүн пара алып турганы кабарланды.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (“Пара алуу”) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.