ИИМ: 2020-жыл ичинде 550 ашык мал уурдоо фактысынын бети ачылды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары мал уурдоону болтурбоо жана эскертүүгө багытталган дайыма ыкчам жана  алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп келет.

Жыл башынан бери сотко чейинки өндүрүштө мал уурдоого байланыштуу 793 материал болгон, анын ичинен  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 557 фактысынын бети ачылган.  Республика боюнча мал уурулук менен алектенген 112 адам адамдан турган  51 кылмыштуу топ кармалган.   Кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракетинен жалпысынан  1973  мал уурдалган, анын ичинен 1055 мал ээлерине кайтарылып берилген. Алардын ичинен ийри мүйүздүү бодо малдар 583, кайтарылып берилгени 313,  908 майда мүйүздүүсү  мал жандыгынан уурдалса, 478 кайтарылып берилген.  Уурдалган жылкынын саны 482,  ээлерине кайтарылып берилгены 232 болот.  Жарандарга келтирилген жалпы зыяндын саны 46 млн. 744 миң сом, анын ичинен кайтарылганы 26 млн. 987 миң сомду түзөт.

Тажрыйба көрсөткөндөй, мындай мүлктүк кылмыштардын курмандыктары болуп, малдарын жайыттарда, талааларда  көзөмөлсүз калтырган жарандар саналат.  Көп учурда мындай кылмыштарды изин суутпай ачууга тоскоолдуктарды жараткан бирден бир себеби болуп жарандар  жоголгон малдарын өздөрү издешип, укук коргоо органдарына кеч кайрылганы  жатканы  эсептелет. Мындай кылмыштарды негизинен “изин суутпай” ачуу оңой болот.

Жогорудагыларды  жыйынтыктоо менен милиция жарандарга  дагы бир жолу кайрылат: Урматтуу  жарандар, малыңыздарды көзөмөлдөп,  этият болуңуздар.   Уурулардан сак болгула! Короолоруңардын эшиктерин бекемдеп, малдарды кайтаруу үчүн иттерди багып алуу керек.

ИИМдин Басма сөз кызматы