Өткөн суткада Кыргызстанда 484 кишиден коронавирус аныкталды.

Өткөн суткада Кыргызстанда 484 кишиден коронавирус аныкталды. Ошол эле маалда 461 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, вирус жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусунда.

Жуктургандар:

Бишкек – 123;
Ош – 32;
Чүй облусу – 50;
Ош облусу – 43;
Талас облусу – 18;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 37;
Жалал-Абад облусу – 110;
Баткен облусу – 66.

Жалпысынан алганда коронавирус жуктургандардын саны 58 878ге жетип, анын ичинен 49 983ү айыкты.

Акыркы суткада 3 409 ПЦР тест жүргүзүлгөн.