Коом

Министрлик тышкы карызды төлөөнүн жолун айтып, ачылган эсепти жарыялады

Финансы министрлиги Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн атайын эсеп ачуу боюнча чыккан токтом долбоорун жарыялады.

Анда бардык каалоочу жарандар, ишкерлер же юридикалык тараптар өлкөнүн карызын төлөө үчүн каражат которо алары жазылган. Эсеп ачууга калктын карыздан кутулууга көмөк көрсөтүү ниети менен кайрылганы негиз болгон. Мындай жол менен республикалык бюджетке келтирилген оорчулукту жеңилдетүүнү көздөп жатышат.

Финансы министрлиги 30-сентябрга карата Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 171 миллион доллар экенин билдирди. Ал эми жыл башынан бери 9 миллиард 991 миллион 400 миң сом төлөнгөн. Анын ичинен 7 миллиард 446 миллион 400 миңи — негизги сумма, калганы пайыздары. Бул сумма республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 8,4 пайызын түзөт.

Ал эми кийинки жылга карата тышкы карызды тейлөө боюнча божомолду дагы айтышты. Анда төлөмдөр 19 миллиард 998 миллион 500 миң сом деп каралууда. Негизги суммасы — 14 миллиард 997 миллион 900 миң сом, пайызы — 5 миллиард 700 миң сом.

Финансистер тышкы карызды төлөөнүн жогорку чеги 2025-2031-жылдарга туш келерин белгилейт. Ал учурда жыл сайын 400 миллион доллар которуп туруу шарт.

Буга чейин президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаров ишкерлерден, мигранттардан жана карапайым жарандардан тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачуу сунушу түшкөндүктөн, президенттик фонд катары ачыларын билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button