Республикалык “СПИД” борбору Бишкектин базарларында акысыз жашыруун тестирлөөнү баштайт

Республикалык “СПИД” борбору жашыруун тестирлөөнү баштайт. Бул тууралуу аталган борбордун маалымат кызматы билдирди.

“Урматтуу, Массалык маалымат каражаттарынын (ММК) өкүлдөрү, Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору!

Республикалык “СПИД” борбору 2020-жылдын 23-ноябрынан тартып Бишкек шаарынын базарларында АИВ, сифилис, В жана С гепатитке жашыруун тестирлөөнү баштайт. Бардык каалоочуларды өзүнүн ден соолугунун абалын билүүгө чакырабыз.

ММК өкүлдөрү үчүн эскерте кетсек, бул акысыз текшерүү Бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өтөт. Сиздердин эмгектериңерди ММК, блоггерлер жана медиктер үчүн “Тилектештик, жалпы жоопкерчилик!” сынагынан көрүүгө курсантпыз. Эгерде сизге АИВге байланыштуу темалар боюнча каармандарды же материалдарды табуу керек болсо,  анда биздин коммуникациялык маалыматтар боюнча адис Эдилева Айдинага, 0772150104 номери аркылуу байланышууга болот.

Мобилдик тестирлөөнү өткөрүү орду жана убактысы:

Тестирлөөнүн убактысы  10:00  башталат  15:00 чейин :

“Ош”  базары- 23.11.2020

“Ош” базары- 24.11.2020

“Аламедин”  базары- 25.11.2020

“Аламедин” базары- 26.11.2020

“Сары-Өзөн” базары- 27.11.2020

“Сары-Өзөн” базары- 28.11.2020

“Дордой-Дыйкан” базары- 30.11.2020

“Орто-Сай” базары- 01.12.2020

Тел.: +996 312 62-38-23

Факс: +996 312 30-07-53.”