Коом

Сыймык Жапыкеев бизнеске кысым кылгандарга катаал чара көрүлөрүн айтты

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) төрагасы Сыймык Жапыкеев мындай эскертүүсүн жумалык ыкчам кеңешме учурунда билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Кеңешмеде ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу маселеси көтөрүлдү.

Маалыматта айтылгандай, Сыймык Жапыкеев пандемиялык кырдаал бизнеске терс таасир тийгизгенин белгилеп, эми анын укугун коргоочу орган катары финпол ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө милдеттүү экенин эскертти:

«Биздин башкы жана негизги милдетибиз — бизнести коргоо жана мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын камсыз кылуу. Ак ниетсиз, коррупциялашкан аткаминерлердин бизнеске кысым көрсөтүүсүнө жол берген терс факторлорду жок кылуу керек. Фискалдык органдардын ашыкча активдүүлүгү ишкердик климатка ушундай оор мезгилде тоскоол болууда. Финансы полициясы ишкерлерге кысым көрсөтүү жана аларды негизсиз куугунтуктоо фактыларын кылдат тергеши керек. Мындай укук бузуулар мыйзамга жана бизнес эркиндигине ишенимди кетирет».

Жапыкеев эң ириде Финполдун кызматкерлери өздөрү ишкерлерге мыйзамсыз кийлигишүүлөрдү токтотуусун талап кылып, мунун баарын жарандарды жана ишкерлерди жеке кабыл алуу менен көзөмөлгө аларын кошумчалады. Финпол кызматкерлери бизнеске кысым көрсөтүп, коррупциялык иштерге аралашканы байкалса, катаал чараларды көрө турганын эскертти.

Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) жетекчи болуп 17-октябрда дайындалган. Ал мурда прокуратурада иштеген. Кийинчерээк «Чоң казат» уюмунун лидери катары таанылып, ушул аталыштагы партия менен 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо ат салышкан. Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап жүрөт

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button