Кыргызстан — Казакстан — Россия темир жол каттамдарынын графиги түзүлдү
Кыргызстан Россия жана Казакстандын темир жол администрациялары менен биргеликте 2021-жылдагы эл аралык каттамдарынын графигин түздү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан кабарлашты.
Ага ылайык поезддер төмөнкү график боюнча катташат:
Бишкек — Москва каттамы, жумасына эки ирет;
Бишкек — Казань каттамы, жумасына бир жолу;
Бишкек — Новосибирск — сегиз күндө бир жолу.
«Поезддер бул график боюнча коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр үч өлкөдө тең алынгандан кийин каттай баштайт», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ишкана эгер Республикалык штаб тийиштүү алгоритмдин негизинде иш алып барууга уруксат бере турган болсо Бишкек — Кайыңды, Бишкек — Кара-Балта, Бишкек — Токмок ички каттамдарын дагы жанданта турганын кабарлады.
Эске салсак, эл аралык темир жол каттамдары 2020-жылдын 17-мартында убактылуу токтотулган. Ал эми ички каттамдарга 25-мартта чектөө киргизилген.