Пайдалуу кеңештер

Ашыкча салмактан арылуунун жеңил жана пайдалуу жолдору

Акыркы учурда улам мезгил өткөн сайын көпчүлүк адамдар ашыкча салмактан жабыркап келишет. Бул чоң көйгөйлүү маселеге айланып бара жаткандыгын тана албайбыз. Экологиянын бузулушу, жашоо-шарттын өзгөрүшү, адамдардын көп стресстик абалга туш болушу жана эң башкы себептердин бири туура эмес тамактануу жана өз ден-соолугубузга жоопкерчиликсиз мамиле кылуу ашыкча салмакка алып келип, көйгөй жаратууда.

Бул маселени толук  чечебиз деп айтпасак дагы, бир катар жөнөкөй кеңештер менен бөлүшүп кетүүнү туура көрдүк. Төмөндө түрдүү кеп-кеңештер берилди,  өзүңүзгө туурасын, ыңгайлуусун тандап, ден-соолугуңузга туура кам көрөсүз деп ишенели.

Бизди көптөгөн диеталар, аларга коюлган талаптар курчайт. Бирок алардын мааниси көбүнчө жокко эсе. Ошондой эле ашыкча салмактан арылуунун эң жөнөкөй жолу бул — сиз кабыл алып жаткан калориядан иштеткен калория көп болушу шарт.

Көбүрөөк кыймылдап, тамак-ашыңызга көзөмөл кылуу керек. Биздин максат өзүбүздүн ден-соолукка зыян келтирип алуу эмес, жакшы адаттарды калыптандырып, чыдамкайлыкка үйрөнүү.

Сиздердин алдыңыздарда үй шартында кантип ашыкча салмактан бат арылуу боюнча узун бирок  жөнөкөй нерселердин тизмеси.

Күнүмдүк туура тамактанууңузга көңүл буруңуз:

1.Баланстуу диета

1.Эгерде Сиз туура эмес тамактансаңыз — спорт арыктоого жардам бермек беле? Сиз калорияңызды коротуу үчүн спорт залда тынбай машыгып, бирок туура эмес тамактансаңыз анда Сиздин арыктайм деген аракеттериңиз бекер.

2.Жөнөкөй углеводдорду татаал углеводдор менен алмаштырыңыз. Аларга күрөң күрүч, картошка, жаңгактар, кирет аларда  көп клетчаткалар бар. Кичине көлөмдө жесеңиз дагы, ачка болуу сезиминен көп убакытка арылта алат.

3.Майды жегениңиз Сизди семиртпейт. Андай туура эмес ойдон арылуу керек. Майдагы биздин рациондун керектүү азыктары камтылган.

Эсиңизде болсун диетаңызда белок өтө маанилүү!

Негизги үч элементке көңүл буруңуз — татаал углеводдор, белоктор жана майлар алар рационуңузда болуусу шарт.

Кокос же ак майга тамак даярдаңыздар.

2. Диетанын ритмдүүлүгү

Башкы эреже – өз убагында тамактануу керек. Тамакты төрт маал ичиңиз: эртең менен, түштө, саат 16-00 жакын жана кечки саат 20-00 дө. Бул тартип Сиздин организмди белгилүү тамактануу ритмине  тарбиялайт.

Эгерде Сиз бир нече килограмм салмак таштагыңыз келсе, фитнес машыктыруучулары белгилүү бир азыктарды ар кандай мезгилде жегенге көрсөтмө берет.                                                                      

Андан тышкары стресстен оолак болуп, позитив менен жашасаңыз бардыгын жеңе дагы көтөрө да билесиз.

3. Эртең менен энергия, жеңил тамактар кечинде

Арыктоо үчүн эмне кылуу керек?

*Эртең менен кара нан, дан өсүмдүктөрүнөн каша, киви, грейпфрут, йогурт таңкы тамак энергияны камсыздоо үчүн керек.

*Түшкү тамакка татаал углеводдор менен түштөнүш керек. ( паста, күрүч, киноа же булгур) бул азыктарды канаттуулардын эттери же балык мыкты толуктайт.

*Саат  16-00 кичине нан менен жер-жемиш жесе болот.

*Саат 17-00 дон кийин углеводдорду жегенге болбойт. Кечки тамакка балык, омлет же жеңил сорпо жакшы болот.

Машыгуу алдында  кичинекей протеиндүү батончик алып алсаңыз, минералдык суу спорттук суулар Сизге машыгуу учурундагы тоскоолдуктар менен күрөшкөнгө жардам берет.

4. Кумшекерди колдонгондон толук баш тарта албасаңыз акырындап алыстаңыз

Шекер жөнүндө кеп болгондо, өлчөмдү билүү өтө маанилүү. Шекерден баш тартып Сиз өз ден-соолугуңузга жакшы салым кошосуз. Эгерде сиздин рациондун 90 % сахарадан турса анда ашыкча салмагыңыздын башкы себептеринин бири ошондо болушу мүмкүн.

Албетте таттуу чайга көнүп калган адам толугу менен шекерден баш тарта албайт, анын кереги да жок. Табийгый таза шекер организмге керек, ал эми рафинатталган сахар ден — соолукка зыян.

6. Көк чай ичиңиз

Көк чай — дүйнөдөгү эң пайдалуу суусундуктардын бири. Денедеги зат алмашууну тездетип, майлардын иштетилишине  шарт түзөт.

Чай үчүн эң жакшы убакыт таңкы тамактан кийин жана түшкү тамактануу учурлары. Ушул убактарда метаболизмдин жогорулашы байкалат. Көк чай метаболизмди жогорку деңгээлде кармап, тамак сиңирүүнү бир топ жакшыртат.

7.Фаст-фуд жебеңиз

Сиз ар дайым фаст-фуд жеп, бирок арыктагыңыз келеби? Фаст-фуд тамактардын эң ыңгайлуусу болгону менен бирок өтө көп себептер аны жебегенге шарттайт.

Фаст-фуд жана газдалган суусундуктар (Кола, Пепси) бул тамактар “көңдөй” калориялар. Мындай тамактанган өтө зыян. Акырындап баш тартыңыз же ушундай эле тамактарды үй шартында калориясы аз азыктар менен даярдап көрүңүз.

8. Таң эрте лимон же бал менен суу ичиңиз

Ойгонгондо бир стакан бал же лимон кошулган суу ичиңиз. Бул аябай деле татаал нерсе эмес, бирок арыктоого жакшы жардам берет. Бул суусундукту  ачка ичсеңиз  таң эрте метаболизмди жогорулатып, организмиңизди майларды жок кылууга даярдайт.

9. Шире ичпей, жер-жемиштерди  көп жеңиз


Ширени көп учураларда пайдалуу азык деп аташат, бирок ал калориясы аз суусундук эмес. 250 мл апельсин ширесинде 110 калорий камтылган, бул эки апельсинге барабар. Көбүбүз бир күндө эки жемиш жебейбиз, эгерде колубузда шире болсо анда биз бир стакандан көп ичебиз.

10. Башка суусундуктардын ордуна суу ичиңиз

Сууда калорий жок. Суусаганда шире же лимонад, газдалган суусундуктардын  ордуна  жөнөкөй суу ичкенди жакшы адатка айлантып алыңыз.

Ушул эрежелерди так сактасаңыз ашыкча салмактан тез  арыласыз!

Даярдаган  Айсулуу Исабек кызы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button