Артём Новиков Улуттук адабият күнүндө Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” спектаклине барат

Улуттук адабият күнүнө жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрда саат 16:00дө анын  “Кылым карытаар бир күн” романынын негизинде режиссер Назым Мендебаиров тарабынан сахналаштырылган “Кылым карытаар бир күн” спектакли, А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана  балет театрында коюлат. Бул тууралуу Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын расмий баракчасына жарыяланды. 


Маалыматта аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу астында өтөрү, ага Кыргыз Республикасынын Премьер министринин милдетин аткаруучу Артём Новиков баштаган бир катар мамлекеттик ишмерлер, акын-жазуучулар, адабият сүйүүчүлөрү, театр күйөрмандары катышары жазылган.