Анжелика: Кээде ушундай чарчайм, ушунун баары мага керек беле деп ойлойм…

Ырчы Анжелика инстаграм баракчасына төмөнкүлөрдү жазып чыкты:

“Кээде ушундай чарчайм… Он саат бийик така менен бир долбоорду аягына чейин чыгарып, тынбай сүйлөп, ой-топтоп, камерага чарчабагандай, уйкуң келбей, ачка экенинди билгизбей иштөө- бул фанатизмби же көнгөн адат сымал хоббиби? Пружинадай бир орунда тура албай тыпырчылап жатып, тилиң чайналып дагы калат.

Анан ушунун баары мага керек беле?  деген ойлорго жоопту – иш бүткөн соң , эфирге чыккан даяр бир сааттык көрсөтүүнү көрүп кайра эргүү алып, кубанасың. Бул жан дүйнөбүздүн түпкүрүндө турган адамдык каалоо деп билем. “Чарчоо убактылуу эле да” деп кайра башым жаздыкка тийгенде жаңы идеяларды ишке ашырууну ойлонуп баштайм…”