Коронавирус. Жуктургандар азайып, айыккандар көбөйдү

Кыргызстанда акыркы суткада 83 кишиден коронавирус чыкты, ал эми 165 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 33;
  • Ош — 1;
  • Чүй облусу — 17;
  • Ош облусу — 5;
  • Талас облусу — 3;
  • Нарын облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 17;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Баткен облусу — 1.

Ушуну менен жалпысынан 81 388 кишиде жугуштуу оору аныкталды.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 55;
  • Ош шаары — 13;
  • Чүй облусу — 44;
  • Ош облусу — 2;
  • Талас облусу — 5;
  • Нарын облусу — 4;
  • Ысык-Көл облусу — 16;
  • Жалал-Абад облусу — 22;
  • Баткен облусу — 4.

Ушуну менен ооруну жеңгендердин саны 76 728ге жетти.

Ал эми соңку суткада COVID-19 илдетинен бир киши каза болгон. Ал Ысык-Көл облусунда дарыланып жаткан. Бул оорудан пандемия башталгандан бери 1360 бейтап көз жумду.

Учурда стационарда 955 дарыланууда. Алардын ичинен 14 адамдын абалы канааттандырарлык, 639 киши орто, 249 адам оор, 53 бейтап өтө оор абалда.