Коом

Кыргызстанда орточо айлыктын көлөмү канча экени айтылды

2020-жылдын январь-ноябрь айларында бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 17 миң 956 сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдирди.

Анын айтымында, айлык акынын орточо көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 8,3%га өстү.

“Илимий-техникалык, билим берүү, тоо-кен, маалымат жана коммуникация чөйрөсүндө эмгектенгендердин эмгек акысы жогорулаганы байкалууда», — деди Султанов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button