Коом
Кыргызстанда 2020-жылдын жыйынтыгы менен ИДПнын көлөмү 598 млрд сомду түздү
Кыргызстанда 2020-жылдын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 598 млрд сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйында улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө караганда 8,6 пайызга аз.
««Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 53 млрд сомду түзүп, 9%га төмөндөдү. Бир жыл ичинде өнөр-жай продукциясы 319 млр сомду түзүп, 6,6%га азайды», — деди Султанов.