72 жашында, «Ералаш» балдар киножурналынын көркөм жетекчиси Борис Грачевский коронавирустан көз жумду. Маалыматты маркумдун жакындары тастыкташты.
Декабрдын аягында Грачевский коронавирус жуктуруп, ооруканага түшкөн.
«Мен ооруканада бет капчан, кычкылтектин астында, тамчылатма дары алып жатам», – деген жетекчи «ТАСС» агенттигине.
Анын абалы оор деп бааланган. Кечээ Грачевский кайрадан дары менен уйкуда экени жана анын абалы оор экендиги белгилүү болгон.
Грачевский 1969-жылы С.А.Герасимов атындагы Бүткүл Россиялык кинематографиялык институтуна тапшырып, 23 жылдан кийин гана аяктаган. Горький киностудиясында иштеген, Марк Донский, Александр Роу жана Василий Шукшиндин тасмаларын жаратуунун уюштуруучусу болгон.