Аида Касымалиева: Авиа билеттердин баасы шылуундардын айынан кымбаттоодо

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргызстандан Орусияга учуп жаткан мигранттардын билет баасын төмөндөтүү боюнча Өкмөткө тапшырма берди. Бул тууралуу эл өкүлү Парламент радиосуна билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда Орусия тарабынан киргизилген чектөөлөргө байланыштуу мигранттарга билеттин баасы бир топ кымбат жана керексиз документтер талап кылынып жатат.

“Уруда Орусиянын шаарларына Кыргызстандан туруктуу рейстер жана чартердик каттамдар каттап жатат. Орусия өкмөтүнүн талабына ылайык, чартердик рейстер менен учкан жүргүнчүлөргө атайын документтер талап кылынат. Ал эми туруктуу рейстерде болгону акыркы үч күндө тапшырган ПЦР анализи гана керек. Башка эч кандай документ талап кылынбайт. Ага карабастан авиакассалар же башка билет саткан жарандар “Уруксат кагаз” алып беребиз деп, элден эбегейсиз акча талап кылышууда. Чындыгында ал документтер эч кимге кереги жок. Ар кандай шылтоолор менен бизнес жасап жаткан шылуундар бир билеттин баасын 70, 80 миң сомго чейин сатышууда. Зарыккан эл аргасыз алууга мажбур. Бул маселени чечүү үчүн, туруктуу рейстерди көбөйтүү менен билеттин баасын көзөмөлдөөнү өкмөткө тапшырма бердим. Чечүү жолу оңой эле, өкмөт көзөлгө алып, туруктуу каттамдарды көбөйтүп койсо болду. Бул маселе чечилмейинче аягына чейин өзүм көзөмөлдөйм. Элдин эсебинен акча жасагандарды токтотушубуз керек”, – деди Аида Касымалиева.

Маалымат үчүн Коронавирус илдетине байланыштуу Орусия мамлекетин кирип чыккандарга чектөө киргизген. Кийинчерээк бул чектөө жумшартылып, жеңилдетилген.