Коом

КР ИИМдин Ички аскерлеринде таймаштар залы ачылды (Фото)

Үстүбүздөгү жылдын 19-январы күнү КР ИИМдин Ички аскерлеринде көптөн күткөн жаңы таймаштар залы ачылды. Спорттук жетишкендиктер менен ийгиликтерге бай Ички аскерлерде аталган таймаш залынын ачылышы спорт чөйрөсүндө жаңы ийгиликтер жаралышына өбөгө түзөт деп ишенимдүү айтууга болот.
Салтанаттуу иш чарага КР ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы, полковник И.Кенжекулов, КР Самбо федерациясынын вице-президенти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССР спортунун чебери Н.Михайлов, Бишкек шаарынын кикбокс, ушу-саньда жана тайбокс федерациясынын президенти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу М.Давлеткулов жана башка коноктор катышты.
Жаңыдан пайдаланууга берилген зал жаңы спорттук эмеректер, заманбап акустикалык системалар, жерге төшөлүүчү каражаттар менен жабдылып, учурдун талабына толугу менен жооп берет.
Иш чара учурунда сөз сүйлөгөн Н.Михайлов аталган таймаштар залынын ачылышы чоң мааниге ээ, анткени Ички аскерлердин аскер кыматчыларынын ден соолугунун бекем болушу, алардын дене тарбиялык даярдыгынын сапаты-аскерлердин күжүрмөн даярдыгынын көрсөткүчтөрүнүн бири болуп эсептелет деди.
Ошол эле учурда коноктор КР ИИМдин Ички аскерлеринин музейин кыдырышып, жакынкы эле күндөрдө оңдоп-түзөө иштери жүзөгө ашырылган обьектилер жана окуу-материалдык база менен таанышып чыгышты.


Ички аскерлердин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button