Баткен облусундагы “Укук тартип” иш-чарасынын жыйынтыгында 6 кылмыштын бети ачылды

2021-жылдын 18-19-20-январь күндөрү Баткен облусунун аймагында “Укук тартип” аталышындагы иш-чарасы өткөрүлүп, жер-жерлердеги милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо, ошондой эле болгон кылмыштардын бетин ачуу, издөөдө жүргөн жарандарды аныктоо, диний багытында уруксатсыз чет өлкөдөн келип иштеп жүргөн атуулдарды аныктоо максатында паспорттук режимдер өткөрүлдү.

Шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүндөгү кызматкерлер мобилдик топторго бөлүнүп, каттоодо турган курал-жарактардын сактоо мөөнөтүн, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары менен жер төлөлөрү, курулуп бүтө элек чоң имараттар кылдаттык менен текшерилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында жалпысынан 6 кылмыш (уурулук), 7жоруктун бети ачылып, жыйналган материалдар тергөө тобуна өткөрүлүп берилди. Ал эми Бузуулар кодексинин негизинде 31 жаранга протокол толтурулуп, мыйзам чегинде чара көрүлдү.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы