Кыргызстанда бир суткада коронавирус 82 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык жаны жуктургандар аймактар боюнча:
Бишкекте – 32,
Чүй облусунда – 32,
Ош облусунда – 1,
Нарын облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 12,
Жалал – Абад облусунда – 1,
Баткен облусунда – 2
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 3 адам каза болду.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 253 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 923 киши айыгып чыкса, 1 миң 436 адам каза болду.