Гүлнара-Клара Самат Россияга элчи болуп дайындалды

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

2020-жылдын октябрь айына чейин аталган кызматты Аликбек Жекшенкулов аркалап келген. Бирок мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып, аны дагы элчиликтен бошоткон.

Ал эми Гүлнара-Клара Самат “Ата Мекен” партиясынан депутат болуп турганы менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясынын катарында катышкан.