Спорт

Айсулуу Тыныбекова Киевде өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль жеңди

Айсулуу Тыныбекова Киевде өткөн аялдар күрөшү боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу спортчунун Facebookтагы өздүк баракчасында айтылат.

А.Тыныбекова алтын медалга жетиш үчүн чыдамкайлыкты жана тырышчаактыкты дагы бир ирээт текшерип алдым окшойт деп жазган.

“Беттештин динамикасы улам сайын өзгөрүп, жеке өзүм, башкы машыктыруучум жана албетте, күйөрмандарым үчүн оңойго турган жок. Абдан көп адреналин ала алдык. Мени колдоп, мага ишенген адамдарга терең ыраазычылык билдирем!”,-деген спортчу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button