Пайдалуу кеңештер

Таза кармагыла! Тиш оорусу ракка алып келиши мүмкүн

арыгер жана алып баруучу Александр Мясников тишти жана ооз көңдөйүн таза кармап турбаса олуттуу ооруларды чакырарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, илимпоздор буга чейин эле рак менен ооз көңдөйдө жашаган бактериялардын ортосундагы тыгыз байланышты аныкташкан. Зыяндуу бактериялар периодонтитте, тиштин жана анын бүйлөсүнүн ооруларында көбөйөт. Булар өз кезегинде уйку безинин рак оорусун пайда кылат.

«Бүйлөсү дайыма сезгенип, канап, ооруп, тиштери шылкылдап бош болуп тургандар онкологиялык ооруларга, ошондой эле инфаркт жана инсультка кабылуу коркунучу бар», — деген дарыгер.
Адис адам ооз көңдөйүн таза кармоо менен жалпы ден соолукка кам көрө аларын белгилеген.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button