Кыргызстанда бир суткада коронавирус 96 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:
Бишкек — 43;
Ош — 2;
Чүй облусу — 35;
Ош облусу — 3;
Нарын облусу — 3;
Ысык-Көл облусу — 8;
Жалал-Абад облусу — 2.
Ал эми бир сутка ичинде 53 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 400 бейтап, амбулатордук түрдө 324 адам дарыланууда.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 2 учур катталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 210 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, – деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 239 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 84 киши айыгып чыкса, 1 миң 487 адам каза болду.