“Аталаш болсо деле мейли”. Назира Айтбекова уулунун бир туугандуу болгонуна кубанганын айтты

Алпаруучу жана актриса Назира Айтбекова уулу бир туугандуу болгону тууралуу маалыматты фейсбуктагы баракчасынан жазып чыкты.

“- Апа, билесиңби, мен инилүү болуптурмун! Аталаш болсо деле мейли да ээ?

– Ойиий, абдан кубанычтуу кабар экен! Аталаш болсо деле, бир энеден туулбасаңар деле каныңар бир , балам! Сен эң сонун ага болосуң ага. Сен аны коруйсуң! Куттуктайм , балам!

– Апа, мен чыдамсыздык менен аны менен таанышчу күндү күтүп атам! – деди балам жетине албай! Мен да сүйүндүм . Кадимкидей бир тууганым , же жакын адамым балалуу болгондой сүйүндүм! Мен кыйрата албасам дагы азыркы келинчеги кыйратып, бактылуу кылса экен дейм. Жаратканым күбө. Ичимде таруудай таарынычым, кыпындай арамдыгым жок. Миң таарынтса деле таарына албай койдум ошо кишиге. Тогуз жылыбыз, анан уулубуз үчүн ушундай ыраазымын! Арманым да, кейишим да, өкүтүм да жок. Мен да атабызды кубанычтуу кабары менен куттуктайм! Уулум экөөбүз биздин үйдө төрөлгөндөй эле жыргап атабыз! Дагы көп балалуу болушсун. Уулум бир туугандары менен катташып, ынтымактуу болсо сүйүнөм…”-деп жазды Назира Айтбекова.