ВИДЕО: Экс-депутат Чолпон Султанбекова Кыргыз кыштак айылына таза суу чыгарып берди

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кыргыз кыштак айылынын тургундарына таза суу чыгарылып берилди.

Буга чейин да жергиликтүү тургандар бийликке бир нече ирет кайрылышканы менен майнап чыкпаган соң депутат айымга кайрылууга мажбур болушкан. Таза сууну чыгаруу демилгесин экс-депутат Чолпон Султанбекова көтөрүп чыгып, мунун натыйжасында Кыргызстанга бир топ кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келген «Хьюмен Эппиэл Интернешнл» Эл аралык бирикмесинин жетекчиси Али Айоуб менен биргеликте калкка ичүүчү суу чыгарылып берилди.

“Кыргыз кыштак айылында суунун тартыштыгынан көп жерлер кургап кеткен эле. Былтыр күн ысыкта эл абдан эле кыйналышканынан бизге кайрылышкан. Бул маселе менен мурунтан да кабарым болгондуктан шайлоо алдында элге таза суу чыгарып берем деп убада берген элем. Кудай насип этип, ушул айга туш келип, шайлоочуларга берген убадамды аткардым десем болот. Бул жерде эч кандай саясат жок, максатым элге жардам берүү”,-деди Чолпон Султанбекова.

Суу 70 метр тереңдиктен жерден сордурулуп алынып, айылдын ичине 4 сордургуч кампа курулду. Анын бири ишке берилсе, калган үчөө толук курулуп бүткөн соң жакынкы күндөрү берилмекчи.