Вирус жуктургандардын саны дүйнөдө 128,2 миллиондон ашып, 3 миллионго чукул адам каза тапты

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 31-марттын саат 13:50гө караган убактысына карата жалпысынан 128 миллион 235 миң 377 киши коронавирус жуктуруп алган. Ал эми мындан улам каза болгондордун саны 2 миллион 804 миң 36 кишиге жеткен.

Эске салсак, пневмонияга окшош оорунун тараганы тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында белгилүү болгон. Вирус башка да өлкөлөргө тарап, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия деп жарыялаган. Учурда 192 өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталган.

Коронавирус жуктургандардын саны боюнча АКШ (30 393 702), Бразилия (12 658 109), Индия (12 149 335), Франция (4 646 014) жана Орусия (4 486 078) алдыда.

Тилекке каршы вирус тараган өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан да бар. Биздин өлкөдө 88 миң 374 адам коронавирус жуктуруп алса, 1 миң 499 адам мындан улам көз жумган. Ошондой эле 84 миң 809 киши айыгып, ооруканадан чыккан.

Белгилей кетсек, АКШнын Балтимор шаарындагы Жонс Хопкинс университетинин алдындагы системалык изилдөө жана инжиринг борборунун окумуштуулары коронавирустун таралуу онлайн-картасын иштеп чыгышкан. Ал онлайн-карта аркылуу коронавирусту жугузуп алуу, оорулуулардын айыкканы жана андан улам каза болгондордун статистикасы менен реалдуу убакыт режиминде таанышууга болот.