Окуялар
Кызыл-Кыя шаарында үгүт иштерин жүргүзүүдө чагымчылдык кылган жаран аныкталды

Кызыл-Кыя шаарынын “Таштемир Ажы” борбордук базарында 11-апрель референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо үгүт иштеринде жалган маалымат таратып, өзүнүн чагымчыл аракеттерин жасап, эл арасында бурмалоо иштерин жүргүзүп жүргөн жаран аныкталды. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин МЭЖине катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Баткен облусу аймагында шайлоо өнөктүгүнүн астында мыйзам бузуучулук боюнча жалпысынан 3 материал катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу Баткен облусунун тургундары! Сиздерден сураныч ар бириңиздер мыйзам бузуучулукка жол бербесеңиздер. Үгүт иштерин жүргүзүүдө жергиликтүү тургундарга туура маалымат беришиңиздерди суранабыз. Шайлоо астында чагымчыл аракеттерге жол берилбейт.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



