УКМК: «Кадастр» ишканасынын Оштогу филиалынын башчысы кармалды

«Кадастр» ишканасынын Оштогу филиалынын башчысы кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларды жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын директору «С.И.Б.» тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды жана ага бөгөт коюулду.

Такталгандай, 2020-жылдын август айларында «Ош электро» ЖАК административдик имаратты сатуу боюнча аукцион өткөрүп, жыйынтыгында 8 миллион сом арзан баада жеке адамга сатылган.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн аянттагы жер тилкесинин 1 чарчы жердин базар баасы 2,5 миллион сомдон жогору болгон. Ошентип, имараттын жалпы аянты 600 м2 ашуун, 16,65 жер тилкесинде жайгашкан.

Мындан тышкары, «С.И.Б.» белгиленген тартипти бузуп жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көрсөтүлгөн жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик Актыны мыйзамсыз чыгарган, ал менчикке бербестен убактылуу пайдаланууну камсыз кылышы керек болчу.

2021-жылдын 5-апрелинде кармалган «С.И.Б.» УКМК Ош шаардык жана Ош облустук тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү башка коррупциялык факторлорду аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.