Коом

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде референдумга 3162 жаран добуш берди

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде референдумга 3 миң 162 жаран добуш берди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-апрелде Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде “КР Конституциясы жөнүндө” КР мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдуму өткөрүлдү.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан жигердүү иш жүргүзүлдү.

КР ТИМде Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймагында референдум даярдоо жана өткөрүү боюнча Штаб түзүлдү.

Министрликтин жана КРнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн аталган биргелешкен ишинин натыйжасында КРнын чегинен сырткары шайлоочулардын тизмеси 9117 жаранга көбөйдү. Чет өлкөдөгү референдумга катышуучулардын акыркы тизмесине 58 миң 598 шайлоочу киргизилген. 28 чет өлкөлүк мамлекеттердеги 48 шайлоо участкаларда добуш берүү болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде, дүйнөдө болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун талаптарын сактоо боюнча бардык чаралар көрүлдү. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жүргөн өлкөнүн бийлиги менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын добуш берүүчү жайларга чектөөсүз кирүүсү боюнча макулдашты.

Биринчи болуп бишкек убактысы боюнча саат 3.00дө Түштүк Сахалин шаарындагы Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Кеңсесинин аймагындагы шайлоо участогу ачылды. Акыркы болуп Вашингтондогу элчилигинин аймагында ачылган шайлоо участогу 12 апрелде бишкек убактысы боюнча саат 06.00дө өз ишин аяктады.

Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин аймагында түзүлгөн 48 УШКда 3 миң 162 жаран добуш берди.

Чет өлкөдөгү бардык УШКлардагы шайлоо процесси мыйзамга ылайык кандайдыр бир бузууларсыз жогоруда белгиленгендей бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өттү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button