Маданият

Айгерим Расул кызы «Жаңыл Мырза» тасмасында башкы каармандын ролун жаратат

Ырчы Айгерим Расул кызы «Жаңыл Мырза» эпоснун башкы каарманы катары баатыр кыздын образын жаратып, тасмага тартылууда. Ырчынын айтуусу боюнча аталган тасма 2022-жылга чейин узартылат.  Бул тууралуу ырчы өзүнүн Инстаграмм баракчасына жазып чыкты.

«Купуя сырларды ачууга убакыт келди… Башкы жаңылыгымдын бири сүрөткө байланыштуу каарман тууралуу. Жаңыл Мырза эпосунун тасмасында башкы каарман катары баатыр кыздын образын жаратып, тарыхый тасмада өзүмдү сынаганы турам. Буюрса, тартуу иштери күз айларында башталып 2022-жылга чейин узартылат. Азыркы тапта сценарий жазылып, даярдыктар башталды.

Мага ийгилик каалап коюңуздар жакшыларым»,- деп жазган  ырчы.

Эске алсак, Айгерим Расул кызы буга чейин «Жараланган турналар», «Братандар» кыргыз тасмаларында башкы каармандардын ролун жараткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button