Коом

ИИМ кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеште жеңген аскер кызматчыларын куттуктады

Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинен 12-апрелине чейин Түркия Республикасынын Анталья шаарында «Turkish Open Kickboxing European Cup» аталышындагы кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш өттү. Анда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 705 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары, улук лейтенант Авазбек Аманбеков (60 кг. салмакта) жана лейтенант Рустам Ибрагимовдор (63,5 кг. салмакта) жеңүүчү деп табылып, алтын медалдардын ээси болушту.

Ушуга байланыштуу 2021-жылдын 14-апрель күнү ИИМдин Ички аскерлердин колбашчысы, полковник И. Кенжекулов жеңиш ээлерин куттуктады. Өз сөзүндө колбашчы спортчуларга мындан ары да ийгиликтерге жетише беришин каалоо менен спорттук чеберчиликти бекемдөө аркылуу спорт чөйрөсүндө мындан да жогору бийиктиктерди багындыра беришине тилектештигин билдирди.

ИИМдин Ички аскерлеринин  Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button