Спорт

Сүйүнчү! Дагы бир спортчу Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Роман Петров Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 25-апрелде фехтование боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Роман Петров Ташкент шаарында өткөн квалификациялык мелдешинде катышты.

Спортчу 1-орунду ээлеп, Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Эскерте кетсек, буга чейин Олимпиада оюндарына Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү), Эрназар Акматалиев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова (кыз-келиндер күрөшү), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү) лицензия алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button