Баткен ОИИБи: Тажикстанда барымтага алынгандар бошотулду



Лейлек районундагы чек ара айылындагы куралдуу кагылыштарда 2021-жылдын 30-апрель күнү Интернационал айыл башчысы тажиктер тарабынан барымтага алынган.
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ИИМ жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында бүгүн барымтага алынган 10 кыргыз жараны, анын ичинен Интернационал айыл башчысы да Кыргыз Республикасына кайтарылды.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковго Тажикстандын ички иштер министринин орун басары, ички кызматтын генерал-майору Иброхимзода Нозим кыргыз тарапка 30-апрелде тажик жарандары тарабынан барымтага алынган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургунун жана бир УАЗ автомашинасын өткөрүп берди. Учурда коомдук тартипти сактоо багытында бир катар иш-чаралар көрүлүүдө.


Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы