Окуялар

Жайыл районунда күйөөсүнүн 5700 долларын уурдап, балдарын калтырып качып кеткен аял кармалды

Жайыл районунда аял жарандык никедеги жолдошунун акчасын уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-апрелинде Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 39 жаштагы М.С. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, жарандык никеде жашаган аялы жаш балдарын таштап, 5700 АКШ долларын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштери учурунда, арыздануучу жарандык никедеги аялы менен үч жылдай жашап, эки балалуу болушкан. Ал аялынын аты жөнүнөн башка анын туугандары жана өзү тууралуу эч кандай маалыматтарды билбей турганы аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында ал аял күйөөсүнө чет мамлекеттердин бирине кетип жатканы тууралуу видео кайрылуу жөнөткөндүгү маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы аялдын жүргөн жерин аныктоо боюнча бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында ал аял жарандык никедеги күйөөсүнө башка ат менен таанышып жашап жүргөнү такталып, анын чыныгы аты-жөнү аныкталган. Анын 31 жаштагы К.А. аттуу аял экендиги, ал буга чейин 13 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылып, Ысык-Көл облустук милициясы тарабынан издөөгө жарыялангандыгы такталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы аял кармалып, Жайыл РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон териштирүү иштери жүргүзүлгөн соң материал сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button