Аналитика

Садыр Жапаров айтып жаткан үчүнчү күчтөр эл аралык наркомафиябы?

Тынч жаткан өлкөгө баскынчылык жасап, кудум фашисттердей болуп басып кирген тажиктер согуштун уланышына болгон провокацияны жасашып, карапайым, колунда эч куралы жок, жөнөкөй жарандарга ок жаадырышты.

Кыргызстан мындай абалда эң туура позицияны карманып, эл аралык нормаларды сактап, алардын чагымчылдыгына алдырган жок.

Биздин кайраттуу, чыныгы эрдикти көрсөткөн аскерлерибиз коргонуу позициясын карманышты.

Анткени Башкы командачы Садыр Жапаровдун карманган позициясы да туура болуп, эл аралык коомчулук алдында Кыргызстандын имиджин жогору сактай алды.

Мунун натыйжасында эл аралык коомчулукка Кыргызстанга карата оң маанайдагы көз караш орнотулуп, дүйнөлүк маалымат майданы Тажикстанды агрессор катары баалап, жаңжалдын күнөөкөрү катары көрсөтүп жатышат.

Тилекке каршы, сырткы душмандан ички душмандар айрым учурда коркунучтуу болушат эмеспи. Айрым ички саясий күчтөр Кыргызстан коркуп, тажиктерге татыктуу жооп бере алган жок деген кине коюшууда.

Алардын пикиринде, кыргыз тарап ошол чагымчылдардын, агрессорлордун атайын жасаган провокациясына алдырып, баш-оту менен киришип согушуп, тынч жарандардан, эр-азамат, жоокерлерден айрылып, салгылашып жатып калуу керек экен.

Бул натуура ой жүгүртүү. Согуш эч бир элге пайда алып келген эмес. Согуштун бетин ары кылсын.

Чек арадагы бул чырда Кыргызстан тарап эл аралык нормаларды, адамдык баалуулуктарды сактаганы менен чоң утушка ээ болду. Экинчи тарап агрессор, фашисттердин ишин жасаган жапайычылык образда калышты.

Дал ушундай жыйынтыкка жетишүү Кыргызстан үчүн эң пайдалуу болуп турат. Эл аралык коомчулук алдында сөзүбүз күчтүү болот, анткени бардык нормаларды сактоо менен иш жүргүзүлдү.

Эми үчүнчү күчтөр тууралуу айтсак, алардын дагы салымы опол тоодой.

Кыргыз-тажик чек арасындагы транзиттен жан баккандар толтура. Бул чырга эл аралык деӊгээлдеги наркобарондор дагы салым кошкону айдан ачык көрүнүп турат. Наркотрафик коридорун алууга кызыкдар 3-күчтөр абалды татаалдаштырууга жан үрөштү.

Ушундай кыйын кыйчалыш, кыл чайнашкан абалда чатакты тынчытууга колдогу болгон рычагдар ишке киришип, абал жөнгө салынды.

Албетте, эр жигиттер өлбөс болуп, адам өмүрлөрү кыйылбас болсочу!

30дан ашуун мекендештерибизден айрылып, минометтун огунан каза болгон 13 жашар секелек кыз, качып баратып сууга агып кеткен 5 жашар бала ар бирибиздин жүрөктү тилип, азыр кыргыз эли муңайып, кабыргасы кайышып турган чагы.

Бирок алардын курмандыктары, эрдиктери бекеринен болгон жок! Кыргызстан ири тышкы мафия, наркобарондор менен күрөшүп, женишке ээ болду.

Бул күрөштө жоокерлерибиз, чек арачылар, аскер кызматкердери каармандык менен эрдик көрсөтүшүп, элибиз дароо мобилизацияланып, биримдиктин, бекемдиктин жогору үлгүсүн көрсөтүштү. Мамлекет башчысы сабырдуулук жана ошол эле мезгилде бекемдиги менен туура багыт, мыкты үлгү берип жатты.

Айрым маалыматтарга таянсак, Садыр Жапаров канча жылдан бери көтөрүп келе жаткан Кумтөр маселеси чечилип, ал толугу менен мамлекеттин карамагына өтүп, анын эсебинен жондон кайыш тилген кымбатчылык, жакырчылыкка каршы аракеттер батыл башталып, айлык, пенсия жана пособиелер көтөрүлөт экен.

Бул боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды, дейт билгендер.

Бул иш оңунан чечилип, Садыр Жапаров зар какшап келаткан маселе чечилип, калган-каткан алтынды өзүбүз иштете баштасак, армиябызды да күчтөнтүп, бул маселеге да олуттуу мамиле кылбасак болбой калды.

Эсентур Кадырбеков

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button