Саясат

Токон Мамытов: “Кыргызстан Тажикстандын үстүнөн Эл аралык кылмыш сотуна арыз менен кайрыла алат”

Коопсуздук боюнча эксперт, КР мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы башчысы Токон Мамытов азыркыдай кырдаалдан чыгуунун жакшы тынчтык жолу — Тажикстанды эл аралык сотко берүү деп эсептейт.

— Мамлекеттик чек араны түздөн-түз басып кирүү жана бузуу болгонго чейин курал колдонууга таптакыр тыюу салынат. Бирок эгерде чет мамлекет, анын аскер бөлүктөрү же террористтик жана башка топтор биздин чек араны бузуп өтүп, биздин аймактын бир бөлүгүн басып алышса, анда биздин аскер бөлүктөрүбүз курал колдонууга милдеттүү.

Чек ара аскерлери мындай чек араны бузууну токтотуп, агрессорду биздин аймактан чыгып кетүүгө мажбур кылышат. Чек ара отряддарынын башкалардан айырмасы, алар өзгөчө шарттарда, согуштук кырдаалга жакын кызмат өтөйт. Чек ара отряды мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча аскердик буйрук алат жана каалаган учурда салгылашка кирүүгө даяр болот. Ушундай иши аларды башка аскердик бөлүктөрдөн айырмалап турат.

 Кыргызстан эч ким менен согушканга кызыкдар эмес. Чындыгында, азыр мамлекет ички курч маселелерди: саясий, экономикалык, социалдык чөйрөдө туруктуулукту орнотууга, мыйзамдуу талаага өтүүнү аяктоого жана коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүгө кызыкдар. Биз ушул көйгөйлөрдү чечишибиз керек!

 Ал эми азыркы кырдаалдан тынчтык жолу менен чыгуунун жакшы жолу – Тажикстанды эл аралык сотко берүү. Бул үчүн агрессия фактыларын компетенттүү документтештирүү, мыйзамдуу түрдө бекемдөө керек. Ошондо алар андан ары агрессия жана геноцид катарында аныкталып жана квалификацияланат, анткени анын бардык белгилери — аскердик агрессия, тынч жашаган жарандарды өлтүрүү, алардын мүлкүн жок кылуу бар. Бул иштерге Тажикстандын Эл аралык кылмыш сотунун Рим Статутун ратификациялагандыгы жардам берет.

Дүйнөлүк тажрыйба адамзат тарыхында бир дагы маселе куралдуу жолдор менен, агрессия жолу менен ийгиликтүү чечилбегендигин далилдеп турат!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button