Дүйнө

Индияда коронавирустан башка дагы бир инфекциялык оору күчөп жатат

Индияда COVID-19 күч алгандан бери мукормикоз илдетине кабылгандардын саны дагы өсө баштады. Бул тууралуу India Today Медициналык билим берүү жана изилдөө башкармалыгына таянып жазды.

Маалыматка караганда, бул илдет жугуштуу ооруларды таркаткан грибок инфекциясы болуп саналат. Ал адатта мурун көңдөйүн жабыркатат дагы көбүнчө нымдуу имараттарда, чирип кеткен жашылча-жемиште пайда болот (көк каптап кетет).

«Мукормикоз көбүнчө COVID-19 жуктуруп алган жана сакайып кеткендерден аныкталууда. Дарыгер Полдун айтымында, коронавирус менен жабыркаган бейтаптарды ИВЛге кошкондо грибок инфекциясын жуктуруу тобокелдиги жогорулап кетип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Индиянын Гуджарат штатында акыркы эки жуманын ичинде аталган илдетке 40 киши кабылган. Бир нече бейтап оорунун айынан көрбөй калган.

PTI агенттигинин маалыматына караганда, Махараштра штатында сегиз адам коронавирустан сакайып кеткени менен кийин мукормикоз жуктуруп көз жумган.

Индия коронавирусту жуктургандардын саны боюнча дүйнө жүзүндө экинчи орунда турат. Өлкөдө илдетке кабылгандардын жалпы саны 22,2 миллионго жеткен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button