Чек ара жаңжалынан жабыркагандарга жалпы 87 млн сом чогулду

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга жалпы 87 млн сом чогулду. Бул тууралуу чогулган каражаттарды көрсөткөн сайтта жазылат.

Ага ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын эсебине 80 млн 251 миң 230,6 сом, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2 млн 85 миң 340 сом жана Бишкек шаарынын мэриясынын эсебине 5 млн 415 миң 930,25 сом түштү.

Белгилей кетсек, учурда чогулган каражаттар коротула элек.