Мамытов: Спутник аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы агрессияны ким баштаганын аныктоого болот

Тажикстан менен чек арадагы жаңжал Кыргызстанда гана эмес, жалпы аймактагы коопсуздуктун көптөгөн маселелерин көрсөттү. Бул көйгөй бир нече жылдан бери белгилүү болгонуна карабай аны чечүүнүн жолдору сунушталбай келет. Бирок, азыр бул маселени артка жылдырууга болбойт. Ушуга байланыштуу, эксперттик коомчулук “Фергана өрөөнүндөгү чек ара жаңжалдарынын Борбордук Азиядагы глобалдык коопсуздук архитектурасына тийгизген таасири” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө топтолгон көйгөйлөрдү талкуулоону чечишти.

Коомдук ишмер, акыйкатчы Токон Мамытов чек арадагы куралдуу аракеттерден кийин тараптар бири-бирин агрессияга айыптап келе жатышканын белгиледи. “Куралдуу агрессияны ким баштаганын аныктоо үчүн биздин кесиптештерибиз – Каспий державалары ээлик кылган спутниктерден сүрөт жана аба видео тасмаларды сурашыбыз керек. Спутник аркылуу агрессияны ким баштаганын жана кандай техникалар колдонгонун так аныктоого болот. Спутниктен алына турган маалыматтар көп маселелерге так жооп бере алат жана Кыргызстан ошол маалыматтар мекнен даттана алат”, – деди ал.

Ошондой эле, Токон Мамытов Кыргызстан 1999-жылы террордук бандалардын чордонуна айланганын жана бүгүн дагы ошондой окуя кайталанып калышы мүмкүн деген коркунуч бар экенин белгиледи. “Ар түрдүү талааларга иштеген жалданма аскерлер бар, азыр Афганистандан АКШнын аскерлерин чыгарууга даярдыктар жүрүп жатат жана окуялар андан ары кандай өөрчүй турганы белгисиз. Бирок, бул процесстерге дагы олуттуу көңүл бурушубуз керек”,-деди ал.