Окуялар

Сокулукта 28 жаштагы аялды күйөөсү сабап өлтүрдү

Сокулук районунун тургуну аялын сабап өлтүрдү. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылган. 28 жаштагы Ж.Э. аттуу келиндин денесинен ар кандай жаракаттар аныкталды.

Кылмышка шектелип келиндин 38 жаштагы күйөөсү кармалды. Милициянын билдирүүсүндө, үй-бүлөдөн кызганычтан жаңжал чыгып, күйөөсү аялын сабап өлтүргөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button