Коом

Транспорт жана коммуникациялар министри Ош облусуна иш сапары менен барды

Бүгүн, 18-майда транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева Ош облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Гүлмира Абдралиева Өзбекстан Республикасынын транспорт министри Илхом Махамов менен эки өлкөнүн президенттеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында жолугушту.

Делегациялар Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолун карап, изилдеп чыгышты. Ошондой эле Эркеч-Там өткөрүү пунктунун ишин көрүштү жана Кашкар-Эркеч-Там-Ош-Андижан-Ташкент мультимодалдык транспорттук коридорду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Чыйырчык, Талдык, Тоңмурун ашууларында жана Сары-Таш пунктунда болушту.

«Тараптар жогоруда аталган аймактарда инфраструктураны өркүндөтүү, эки өлкөнүн жүк ташуучуларынын, айдоочуларынын толук жана үзгүлтүксүз иштеши үчүн бардык шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты. Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолун кошумча автоунаалар менен жабдууну ушул бөлүмдөгү климаттык шарттын оордугуна байланыштуу жол кызматкерлери өзгөчө белгилешти. Министр Гүлмира Абдралиева аталган участоктордун рельефтик жайгашуусун өзгөчө белгилеп, бардык тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ошондой эле эки өлкөнүн транспорт министрлери эки мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарынын чегинде айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү жана өнүктүрүүнү улантууну макулдашты. Бул жолугушуу эки өлкөнүн соода-экономикалык өнүгүүсүнө кызмат кылат, элдердин ортосундагы достукту дагы чыңдайт», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button