Лейлек районунун акими менен Гафуров районунун төрагасы жолугушту

Кечээ, 18-май күнү саат 17:00 чамасында Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов, тийиштүү күч органдарынын өкүлдөрүнөн турган топ Тажикстандын Согди облусундагы Гафуров районунун төрагасы Зафарбек Давлатзода баштаган топ менен Лейлек районунун Интернационал айылындагы чек арада жолугушту. Бул тууралуу Лейлек районунун администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Гафуров районунун убактылуу кармоочу жайында кармалып турган Лейлек районунун 4 тургунун бошотуу, куралдуу кагылышууда тажик тарапка алып кетилген техникаларды жана айдалып кеткен малдарды кайтаруу, чек ара аймагын биргелешип күзөтүү боюнча маселелер каралды.

Жыйынтыгында бул маселелерди жакынкы күндөр аралыгында чечүү аракеттери көрүлөөрү айтылды.