Коом

Бишкектеги мугалимдердин эң жогорку эмгек акысы канча экени айтылды

Бишкектеги мугалимдердин эң жогорку эмгек акысы 45 миң сомду түзөт. Бул тууралуу борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы мугалимдердин орточо айлыгы мурда 15 миң сомду түзсө, жогорулагандан соң 27 миң сомго жеткен.

«Педагогикалык тажрыйбасы мол, көптөгөн ийгиликтерди багындырган мугалимдер бар. Алардын айлыгы 45 миң сомго жетет. Ошондой эле билим берүү мекемелериндеги техникалык кызматкерлердин эмгек акысы да 100% жогорулады», — деди ал.

 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button